Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

АКШнын мамдепартаменти Эстонияга HIMARS куралын сатууну колдоду


HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык системасы.
HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык системасы.

Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти Эстонияга америкалык HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык системасын сатууну колдоду.

Сатуу-алуунун баштапкы баасы 500 миллион доллар деп бааланып жатат. Бул тууралуу АКШнын Коргонуу жана коопсуздук жаатында кызматташуу агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Эстония алты HIMARS системасын сатып алуу үчүн кайрылган.

Өткөн айда Эстония орусиялык тик учактар чек ара эрежелерин бузуп жатканын билдирген. Анда Москваны орус-эстон чек арасында машыгуу өткөрүп, Эстониянын аймагына ракеталык сокку урган сыяктуу көнүгүүлөрдү аткарып жатканын айыптаган жана буга байланыштуу Таллиндеги орус элчисине нота берген.

АКШ буга чейин Украинага HIMARS куралын берген жана Киев алгачкы жабдууларды өткөн айдын аягында алган. Эксперттердин пикиринде, америкалыктардын HIMARS деп аталган жогорку мобилдүү реактивдүү системалары согушта натыйжа бере баштады.

Бул система 80 чакырымга чейинки аралыкка сокку урууга жөндөмдүү жана ракета GPS системасы менен мээленет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG