Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:33

Евробиримдик Орусиянын Винницага чабуулун “варвардык жана жырткычтык” деп атады


Винница шаарындагы орус ракеталары тийген объектилер.
Винница шаарындагы орус ракеталары тийген объектилер.

Европа Биримдиги Украинанын Винница шаарындагы жарандык объектилерге жасалган Орусиянын ракеталык соккуларын “өтө катуу мүнөздө” айыптайт. Бул тууралуу уюмдун тышкы иштер боюнча комиссары Жозеп Боррелдин жана кризистик иштер боюнча комиссары Януш Ленарчичтин билдирүүсүндө айтылды.

“Винницадагы бул жырткычтык узактан уланып жаткан зөөкүрдүк чабуулдарынын бир бөлүгү жана ал жайкын тургундар менен жарандык инфратүзүмдөргө багытталган. Орусиянын эл аралык гуманитардык укуктарды көзүнө илбеген мындай варвардык аракеттери токтоосуз түрдө токтотулушу керек. Бул жырткычтыктарга күнөөлүү бардык адамдар кийин жазасын алат”,-деп айтылат европалык дипломаттардын билдирүүсүндө.

14-июлда Украинанын Винница шаарында Орусиянын ракеталык соккусунан 23 киши, анын ичинде үч жаш бала өлдү. Дагы 39 кишинин дайыны изделип жатат. 117 киши жабыркаган, 34ү оор абалда, бешөө өтө оор абалда турат.

Украин президенти Владимир Зеленский окуядан кийин тараткан билдирүүсүндө Орусияны “киши өлтүргүч” жана “террорчу өлкө” деп атады. Буга байланыштуу Винница облусунда аза күтүү жарыяланды.

Винница Украинанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан шаар жана учурда эки тарап согушуп жаткан фронттун линиясынан кыйла эле алыс турат. Орусия бүткүл Украинанын үшүн алып туруу үчүн согуш жүрүп жаткан линиядан алыста турган шаарларды да улам-улам аткылап жатат. Июндун аягында Кременчуг шаарындагы соода дүкөнүнө урулган соккудан 20дан ашык киши өлгөн, аз күн мурда Часов Ярга жасалган чабуулдан 50дөй адам мерт болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Орусия Украинага кол салган февраль айынан бери бул өлкөдө беш миңден ашык жайкын тургун өлдү. Орус күчтөрү калктуу жайларды аткылаганын төгүндөп келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG