Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Шри-Ланканын президенти кызматтан кеткенин Сингапурдан жарыялады


Готабая Ражапакса
Готабая Ражапакса

Шри-Ланканын өлкөдөн качып кеткен президенти Готабая Ражапакса Сингапурда туруп кызматын тапшырганын жарыялады. Өз арызын ал парламенттин спикерине электрондук почта аркылуу жөнөттү.

Сингапурдун өкмөтү Шри-Ланканын экс-президенти жеке визит менен келгенин жана башпаанек сурап кайрылбаганын маалымдады.

9-июлда нааразылыкка чыккан митингчилер президенттин резиденциясын жана башка бир катар өкмөттүк имараттарды ээлеп алышкан. Мамлекет башчысы Готабая Ражапакса коопсуз жерге чыгарылып кеткен жана парламенттин талабы менен кызматын 13-июлда тапшырып берүүгө макул болгон. Бул күнү эртең менен ал акцияга чыккандардын талабына ылайык кызматын тапшырбай, өлкөдөн качып кеткен.

Бул тушта премьер-министр Ранил Викремесингхе өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялап, өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизгенин маалымдаган. Демонстранттар премьердин өзүнүн да кызматтан кетишин талап кылып, зарыл болсо Коломбодогу өкмөт үйүн басып аларын жарыялашкан.

14-июлда парламенттин спикери Махинда Япа Абейварден менен узак сүйлөшүүдөн кийин нааразылыкка чыккандар басып алган өкмөттүк имараттарды бошотушкан.

Готабая Ражапакса алгач Куралдуу күчтөрдүн учагы менен Мальдив өлкөсүнө учуп чыккан. Андан кийин гана Сингапурга барган. Ал камакка алынуудан чочулап, президенттик кызматты өлкөдөн чыгып кеткенге чейинки кол тийбестик инструменти катары колдонгон.

22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланкада нааразылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы ушу тапта болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Дары-дармек, айрым азыктар жетишсиз болуп, валюталык резерви түгөнгөн, өлкө тышкы карызын төлөй албай, дефолтко кабылган. Өлкө башка жактан сатып алчу газ үчүн да төлөм бере албай, натыйжада элге көгүлтүр отун жетпей калган. Башка энергоресурстардын тартыштыгы да жаралган.

Шри-Ланка - Индиянын жанындагы чакан аралчадагы мамлекет. Мурда Британ империясынын колониясы болгон өлкө 1948-жылы көз карандысыздык жарыялаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG