Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:47

АКШ менен Израилдин лидерлери “Иерусалим декларациясына” кол коюшту


АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Яир Лапид менен “Иерусалим декларациясына” кол койгондон кийин. Иерусалим, Израил. 14-июль, 2022-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Яир Лапид менен “Иерусалим декларациясына” кол койгондон кийин. Иерусалим, Израил. 14-июль, 2022-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден расмий иш сапарынын алкагында Израилдин премьер-министри Яир Лапид менен 14-июлда “Иерусалим декларациясына” кол коюшту. Анда алар Израилдин өзүн-өзү коргоосу жана анын коңшусу Иранды өзөктүк куралга ээ болтурбоо маселелери камтылды.

“Биз Иранга өзөктүк куралга ээ болуусуна эч качан жол бербейбиз”,-деди Байден кол коюу аземинен кийинки биргелешкен басма сөз жыйынында. Яир Лапид документ кабыл алынгандан соң сүйлөп жатып “эркин дүйнө күч менен жооп берерин Иран сөзсүз түшүнгөндө гана ал өзөктүк куралга ээ болуусун токтоторун” айтты.

Эки лидерден кийин жасаган билдирүү жасаган Ирандын президенти Ибрагим Раиси Тегеран буга “катуу жана татыктуу жооп берерин”, бул анын Вашингтондун жана анын өнөктөштөрүнүн “катачылыгы” болгонун маалымдады.

Байден АКШ 2015-жылы Иран менен кабыл алынган тарыхый келишимге кайтууну көздөй турганын айтып келет. Израилдин бийлиги буга ар дайым каршылык билдирип жүрөт.

2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыр апрелде башталган. Ал жыйынтыкталып калганы айтылганы менен тараптар бир пикирге келе албай жатат. Сүйлөшүүлөр улам-улам үзгүлтүккө учурап, ортодо токтоп да калган эле. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG