Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

ИИМ менен АКШ элчилигинин коопсуздук боюнча өкүлдөрү жолукту


ИИМ менен АКШ элчилигинин коопсуздук боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу. 13-июль, 2022-жыл.
ИИМ менен АКШ элчилигинин коопсуздук боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу. 13-июль, 2022-жыл.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин бир катар кызматынын башчылары АКШ элчилигинин коопсуздук боюнча аймактык кеңешчиси Эрик Олеруд баш болгон өкүлдөр менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында тараптар Интерпол каналдары аркылуу кызматташууну күчөтүү жана ИИМдин кызматкерлерин окутуу боюнча маселелерди талкуулашты. Министрликтин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов АКШнын буга чейин көрсөткөн жардамына ыраазылык билдирди.

Июнь айында АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Майкл Курилла Бишкекке иш сапары менен келип, Кыргызстандын аскердик жана дипломатиялык жетекчилиги менен жолугуп кеткен.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

23-майда АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келгенде кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулаганын билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG