Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:40

Турак жай кооперативдери боюнча мыйзам жазылат


"Ихсан" турак жай кооперативинин ишине нааразылардын акциясы. Ош. 6-июнь, 2022-жыл.
"Ихсан" турак жай кооперативинин ишине нааразылардын акциясы. Ош. 6-июнь, 2022-жыл.

Жогорку Кеңеш турак жай кооперативдери боюнча мыйзам даярдап жатат. Бул тууралуу парламенттеги "Ишеним" фракциясынын лидери, депутат Улукбек Ормонов "Азаттыкка" билдирди:

"Турак жай кооперативдеринин дарегине карата элден арыз-дооматтар көп түшүп жатканына байланыштуу биз атайын мыйзам жазууну чечтик. Азыр жаңы эле башталып, жумушчу топ түзүлдү. Күзгө барып, буюрса даяр болот. Ошого биз мыйзам түрүндө бөгөт коюу жагын карап жатабыз. Бүт жолдору каралат".

ИИМ "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Кылмыш кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу") менен козголгон кылмыш иштерин тергөө алкагында 11-июлда кармалганын маалымдаган.

Мекеменин эсебинде жарандардан келип түшкөн арыз-даттануу боюнча жалпы келтирилген зыяндын өлчөмү 121 313 950 сомду түзгөн. "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчилиги бул убакытка чейин зыяндын ордун толтурган эмес.

Азырынча аталган кооперативдин өкүлдөрү милициянын маалыматына комментарий бере элек.

ИИМдин маалымдашынча, жыл башынан бери турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөн.

Бишкекте буга чейин “Белый дом КейДжи” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 37 иш козголуп, 11 млн. сом чыгым аныкталган. Кооперативдин жетекчиси камалган. “Биринчи турак жай” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши да иликтенүүдө. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 16 миллион сомдон ашык. Арыз менен 30 жаран кайрылган. S-Line кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 19 кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгым 35 миллион 400 миң сом. Милицияга арыз менен 54 жаран кайрылган.

Расмий маалыматка караганда, мамлекеттик ипотекалык компанияга жана турак жай кооперативдерине турак жайга муктаж 50 миңден ашык үй-бүлө кайрылган.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 70тин тегерегинде. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. (EBM/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG