Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:41

Түркмөнстандын президенти 26 министрди иштен бошотту


Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов атасынын сүрөтүнүн фонунда.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов атасынын сүрөтүнүн фонунда.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өкмөттүн курамында чоң кадрдык өзгөрүүлөрдү жүгүзүп, 26 министрди иштен бошотту же кызмат орундарын алмаштырды. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы жазды.

Мындай чечим Министрлер кабинетинин экономикалык өсүш маселеси талкууланган жыйынынан кийин кабыл алынган. Конкреттүү себептери так айтылган жок.

Бул анын кызматка киришкенден берки эң чоң кадрдык өзгөртүүлөрү болуп калды. Алгач 19-мартта инаугурациясынан кийин эле Министрлер кабинетинде жана Коопсуздук кеңешинде кадрдык дайындоолорду жасаган.

Кызматтан алынгандардын арасында Сердар Бердымухамедов өзү президенттик кызматка киришкен учурда дайындалган министрлер да бар. Ал мындан сырткары Түркмөнстандын Австриядагы, Жапониядагы, Бельгиядагы, Франциядагы, Түркиядагы, Азербайжандагы, Украинадагы жана Түштүк Кореядагы элчилерин да алмаштырды.

40 жаштагы Сердар Бердымухамедовго бийлик быйыл март айында өлкөнү 16 жыл башкарган атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон тийген. Кенже Бердымухамедов бийликке келгенден кийин өлкөдө түркмөн жарандарына, айрыкча аялдардын тышкы келбетине көзөмөл күчөдү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG