Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Путин Тегеранда Ирандын жана Түркиянын президенттери менен жолугат


Владимир Путин Ирандын президенти Ибрагим Раиси менен кездешкен учуру. 29-июнь, 2022-жыл. Ашхабад, Түркмөнстан.
Владимир Путин Ирандын президенти Ибрагим Раиси менен кездешкен учуру. 29-июнь, 2022-жыл. Ашхабад, Түркмөнстан.

Орусиянын лидери Владимир Путин Тегеранга барып, Ирандын президенти Ибрагим Раиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу маалыматты Кремль ырастады.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тактагандай, орус президентинин Иранга иш сапары 19-июлга белгиленип жатат.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан бери Владимир Путин биринчи жолу 28-июнда чет өлкөгө чыгып, Тажикстанга барган. 29-июнда Путин Түркмөнстанда болду. Иранга барса бул анын согуш башталгандан берки үчүнчү чет элдик сапары болуп калат.

Владимир Путин, Ибрагим Раиси жана Режеп Тайып Эрдоган Сириядагы жарандык согушту токтотуу жана ал өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу чараларын талкуулай турганы айтылды. Сирия Түркия менен Ирандын коңшусу жана алардын экөөнүн тең аскерлери бул өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышып келет.

Орусия болсо Сириянын президенти Башар Асаддын таламын коргоп, ал жакка аскерлерин киргизген. Тегеран да Асаддын режимин колдосо, Түркия ага каршы.

Сириядагы 2011-жылы башталган жергиликтүү каршылыктар көп тараптуу жана көп деңгээлдүү жарандык согушка айланып кеткен. Андагы тараптарды колдогон ондогон өлкөлөр конфликтке аралашып, согуш ушул күнгө чейин созулуп келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG