Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:51

Мектеп директорлорун сынак менен тандоо тууралуу жарлык чыкты


Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандала турган болду. Бул боюнча “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кесипкөй адистерди тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртууга багытталган. Жарлыкка ылайык, беш жыл жетекчилик кызматта иштегендер жумуштан бошотулат. Сынактын шарттары президенттин сайтында толук жазылган.

Коомчулукта ири шаарлардагы мектеп жетекчилери көп жылдан бери отуруп, акча чогултуу жана башка иштерге аралашат деген сындар көп айтылат. Кыргызстанда 2162 мектеп бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG