Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Евронун курсу 20 жылда биринчи жолу доллардын курсу менен теңелди


Европа Биримдигинин евро банкноту жана АКШнын доллары.
Европа Биримдигинин евро банкноту жана АКШнын доллары.

Евронун курсу 2002-жылдын 6-декабрынан бери, дээрлик 20 жылда биринчи жолу доллардын баасы менен теңелди. Ушул тапта дүйнөлүк рынокто 1 евро 1,0066 долларга сатылып жатат. Евронун долларга карата катышы былтыркы жылдын июнь айынан бери 17,8% түштү.

Орусиянын Москва биржасында евронун рублге болгон баасы доллардан төмөндөп кетти. Доллар орточо 58,40-59,40 рубль болуп жатса, евро 58,2-59,2 рублдин тегерегинде айланууда.

Европалык валютанын алсызданышы экономика төмөндөйт деген коркунучтар менен байланыштуу. РБК басылмасы рынокко мындан сырткары биримдикке Орусиядан газдын келиши кыскарганы таасир этип жатканын жазды. The Guardian басылмасынын маалыматына караганда, трейдерлер Орусия он күнгө оңдоо иштерине токтоткон "Түндүк агым-1" газ куурун жандантпай коюшу мүмкүн деп чочулашууда.

Доллардын күчтөнүшү АКШнын Федералдык резервдик системасынын инфляция менен күрөшүүдөгү катаал саясаты менен түшүндүрүлүп жатат.

Чет элдик валюталар менен сомдун курсу эки жылча туруктуу кармалып келген. Доллар 84-85 сомдун тегерегинде, евро 94-95 сомдун айланасында болчу. Орусия быйыл февралда Украинага басып киргенден кийин бир доллардын расмий курсу 100-105 сомго чейин, бир евронун расмий курсу 110-115 сомго чейин чыккан.

Кыргызстандын Улуттук банкынын сайтында ушул тапта доллардын баасы 81 сом 97 тыйын, евронун баасы 82 сом 6 тыйын деп жазылып турат. Базардагы баалар мындан айырмаланышы мүмкүн.

Евро банкноту 1999-жылы Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдүн бирдиктүү валютасы катары накталай эмес түрдө жүгүртүүгө киргизилген. 2002-жылдан тартып накталай түрүндө айлантыла баштаган. Учурда аны Евробиримдиктеги 27 өлкөнүн 19у расмий валюта катары колдонот, уюмдун башка мүчөлөрү өз улуттук валюталарын иштетишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG