Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Бир катар тарыхчы окумуштуулар Мира Карыбаеваны актоону суранды


Мира Карыбаева.
Мира Карыбаева.

Кыргызстандагы бир катар тарыхчы окумуштуулар Улуттук тарых музейиндеги коррупцияга шек саналган, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаеваны соттон актоону өтүнүп, билдирүү таратты. Алардын бири, бул иште күбө катары көрсөтмө берип келген тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин Мира Карыбаева музейдеги коррупциялык иштерге аралашпаганын, каржылык жетектөө жаатында ыйгарым укугу болбогонун "Азаттыкка" билдирди.

"Мира Карыбаева Улуттук тарых музейин каржылык жактан жетектөө жаатында ыйгарым укуктарга эч качан ээ болгон эмес. Ал жаңы музейлик мазмунду жакшыртуу үчүн өтө зарыл иш-аракетти уюштурууга кол кабыш кылган. Анын жыгач ат, жыгач союл, кафетерий ж.б. жааттагы шойкомдуу чечимдерге эч тиешеси жок болчу”, - деди Чоротегин.

Бүгүн, 12-июлда саат 14:00тө Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Улуттук тарых музейин оңдоодогу коррупцияга айыпталып жаткан президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн Мира Карыбаеванын соту уланат.

Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түркиялык тарап өз каражатына оңдоону моюнуна алган. Музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң, кыргыз өкмөтү музей имаратынын ичин бюджеттин эсебинен оңдоо үчүн 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

Бул иште каражатты туура эмес багытта жумшаган деп шек саналган экс-премьер-министр Сапар Исаковду жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан. Ал эми президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаеваны Бишкектеги Биринчи май райондук соту айыптуу деп таап, 260 миң сомдук айыпка жыккан. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Жогорку сот райондук жана шаардык соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайрадан кароо талабы менен Биринчи Май райондук сотуна жиберген. Жактоочулар ишти караган соттор улам алмашы, териштирүү создугуп жатканын айтышууда.

Мира Карыбаева бул айыптоолорду четке кагып, өзүнүн күнөөсүз экендигин айтып келет. Аны тез арада толук актоо талабы менен буга чейин да бир катар окумуштуулар бийликке кайрылышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG