Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:42

Сребреница кыргынынын 50 курмандыгы тек-жайы аныкталгандан кийин кайра көмүлдү


Босния жана Герцеговинада Сребреница шаарында кайрадан көмүлгөн сөөктөрдүн жанында олтурган киши. 11-июль, 2022-жыл.
Босния жана Герцеговинада Сребреница шаарында кайрадан көмүлгөн сөөктөрдүн жанында олтурган киши. 11-июль, 2022-жыл.

11-июлда Босния жана Герцеговинада Сребреница кыргынынын 27 жылдыгы белгиленди. Бул датага арналган тынчтык жүрүшүнө жалпы 3 миңдей адам катышты.

Бул күнү ошондой эле мурдараак аталган аты-жөндөрү аныкталган 50 адамдын сөөктөрү кайрадан жерге берилди.

Акыркы эки жылда коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргынды эскерүү иш-чаралары өтпөй келген.

1995-жылдын июль айында Босния сербдери Сребреница шаарында 8 миңдей мусулман эркек менен балдарды кырып салган. Ушул убакка чейин 6671 адамдын өздүгү аныкталган жана кайрадан көмүлгөн.

1992-1995-жылдардагы согуштун соңку күндөрүндөгү босниялык мусулман эркектердин жапырт өлтүрүлүшү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы “эң ырайымсыз кыргын” деп таанылган.

Эл аралык соттор бул окуяны геноцид катары таанышкан, бирок сербиялык жана босниялык сербдер муну четке кагып келишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG