Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:39

Украина эки аптада Орусиянын 14 курал-жарак кампасын жок кылды


Украинанын орусиячыл жикчилдер ээлер турган Донецк шаарына жасалган соңку чабуулдардын бири.
Украинанын орусиячыл жикчилдер ээлер турган Донецк шаарына жасалган соңку чабуулдардын бири.

Украинанын аскерлери июндун аягынан берки эки апта ичинде Орусиянын күчтөрүнүн курал-жарак кампаларына жана башка объектилерине жогорку тактыктагы ондон ашык сокку урду. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы кабарлады.

Басылманын журналисттери ачык булактардагы маалыматтарга таянуу менен орус күчтөрү басып алган жерлердеги 14 кампа талкаланганын тактады. Алар негизинен Херсон, Запорожье, Харьков, Донецк жана Луганск облустарындагы согуш линияларынан 75 чакырымга чейинки алыстыктагы объектилер.

Би-Би-Си белгилегендей, украин күчтөрү мурда дагы орус аскерлеринин командалык пункттарына жана кампаларына чабуул коюшчу. Анда көбүнчө кармаш линиясынан алыс эмес жерлерде жасалчу же диверсиялык аракеттердин натыйжасында кол салышчу.

Июндун аягынан бери фронттук линиядан ыраакта жайгашкан объектилерге да сокку ура башташты. Анын ичинде орусиячыл жикчилдер 2014-жылдан бери ээлеп олтурган алыскы жерлер – Снежный, Шахтёрск, Перевальск, Кадиевка айылдарындагы кампалар да талкаланды. Ошол эле маалда Орусиянын өзүнүн аймагына чабуул жасалганы айтылган жок.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы да, Орусиянын Коргоо министрлиги да кампаларга урулган соңку соккуларды расмий ырасташкан жок. Маалыматтарды жергиликтүү журналисттер жана окуянын күбөлөрү тартып, таратып жатышат.

Орусиянын аскерлеринин артыраак бөлүктөрүнө сокку урула баштаганын украин аскерлери жана украин аткаминерлери да кеп кылып жаткан. Анын ичинде украин президенти Владимир Зеленский “артиллерия өтө катуу иштей баштады” деп айткан.

Бул соккулар АКШнын HIMARS (High Mobility Artillery Rocket System) жапырт аткылоочу реактивдүү системалары Украинага келип түшкөндөн кийин башталды. HIMARS системалары 300 чакырымга чейин ата алат, бирок 80 чакырымга чейин жогорку тактыкта бутаны жок кылат. Ушу кезге чейин Киевге аталган техникадан 8 даана келип түшкөн, Вашингтон дагы төртөөнү жөнөткөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG