Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Часов Ярда ракета тийген үйдүн урандысынан ондон ашык кишинин сөөгү табылды


Часов Ярдагы чабуулдан кийинки куткаруу иштери
Часов Ярдагы чабуулдан кийинки куткаруу иштери

Орусиянын күчтөрү ракетадан аткылашкан Украинанын чыгышындагы Часов Яр шаарындагы көп кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан куткаруучулар 18 адамдын сөөгүн алып чыгышты.

Жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү кабарлагандай, дагы бир нече адам урандылардын алдында калышы мүмкүн. 10-июлдун кечинде куткаруучулар бир адамды алып чыгышты. Муну менен талкаланган үйдүн урандыларынын алдында алты киши аман-эсен табылды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Часов Ярга чабуул Орусиянын аскердик кылмыштары боюнча маселени кайрадан күн тартипке чыгарарын билдирди.

Часов Яр- орус армиясы бутага алган Краматорск шаарынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Донецк облусуна карайт. Согуш башталганга чейин калаада 12 миңдей киши жашачу.

Соңку күндөрү Украинанын экинчи чоң шаары – Харьковго бир нече ракета атылганы кабарланды. Украин Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги мындан башка да чыгыш жана түштүктөгү калктуу конуштарга чабуулдар болуп жатканын билдирүүдө.

Өлкөнүн вице-премьер-министри Ирина Верещук Херсон облусунун жайкын тургундарын коопсуз жерлерге көчө турууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG