Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Аба ырайы: тоолуу аймактарда өткүн өтөт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

11-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 28…30 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG