Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Пакистан менен Ооганстанда сел ондогон кишинин өмүрүн алды


Ооганстандагы селдин кесепети
Ооганстандагы селдин кесепети

Пакистан менен Ооганстанда катуу жааган жаандан кийинки селден ондогон киши каза болду. Көптөгөн адамдар үй-жайсыз калды.

Пакистанда 9-июлда куткаруу иштерин жүргүзүүгө өлкөнүн аскер-деңиз күчтөрү тартылды. Расмий маалыматтар боюнча, өлкө түштүгүндөгү Белужистан аймагында сегиз дамбаны суу жырып кетип, 57 адам каза тапты. Алардын көпчүлүгү аялдар жана жаш балдар. Ал эми түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында эки адамдын көз жумганы кабарланды.

Коңшу Ооганстанда болсо селдин кесепетинен 24 адам каза болгону белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG