Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:55

Зордуктоого кабылган кызга бир күндө элден 340 миң сом чогулду


Зордуктоодон жабыр тарткан 13 жаштагы кызга жардам акциясы жарыяланган алгачкы күнү 340 миң сом чогулду. Бул тууралуу бүгүн 9-июлда "Азаттык" радиосуна акциянын демилгечиси, жарандык активист жана белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди.

Ал кечээ 8-июлда социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу кайрылуу жарыялап, кызга жардам берүүгө чакырган болчу.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылдырылып келген. 8-июлда отурум жабык өтүп, жабыркаган тараптын жактоочуларынын өтүнүчү менен сот 12-июлга белгиленди. Жабыркагандардын жактоочулары алмашкандыктан иш менен таанышып чыгууга убакыт сурашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG