Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:36

10-июлдун аба ырайы


Кыргызстан. Ысык-Көл.
Кыргызстан. Ысык-Көл.

10-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 30…32 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG