Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:08

Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловго ок атылганы кабарланууда


Чыңгыз Жумагулов. Архивдик сүрөт.
Чыңгыз Жумагулов. Архивдик сүрөт.

Кылмыш дүйнөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловго ок атылганын бир нече жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Бул маалыматты "Азаттыктын" булактары дагы тастыктады. Ички иштер министрлиги кийинчерээк маалымат берерин “Азаттыкка” билдирди.

"Акипресс" агенттиги өз булагына таянып, окуя Аламүдүн районунда болгонун, Жумагуловдун машинесине ок атылып, ал качып кеткенге үлгүргөнүн жазды. "Кактус Медиа" сайты Жумагулов жана анын жан-жөкөрлөрү белгисиз кишилер менен атыша кеткенин, андан кеминде бир адам жарадар болгонун жазды. Аталган сайт күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, учурда УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү кримтөбөл туулган Ичке-Суу айылында Жумагуловду кармоо операциясын жүргүзүп жатат.

Бул маалымат боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет расмий комментарий бере элек.

Чыңгыз Жумагуловдун жаза мөөнөтү аяктап, 2021-жылы 12-июлда абактан чыккан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн, сот чечими менен мыйзамдуу бошотулганын билдирген. Анын тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Чыңгыз Жумагулов боюнча 2020-жылдын 19-июнунда өкүм чыгарган. Судья Адылбек Эсенбаев аны Жазык кодексинин 43-беренеси ("Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү") жана 248-беренеси ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") менен коюлган айып боюнча актаган. Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен күнөөлүү деп таап, беш жылга кесилген. Мамлекеттик айыптоочулар аны 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип 2020-жылы 11-апрелде кармалган. №1 тергөө абагына камалган. Кийинчерээк Чүйдөгү түрмөлөрдүн бирине которулган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG