Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:09

ФИФА менен УЕФАнын мурдагы президенттери сотто акталды


Швейцариянын федералдык соту Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Европа футбол ассоциациялар бирикмесинин (УЕФА) мурдагы президенттери Зепп Блаттер менен Мишель Платинини актады.

Зепп Блаттер жана Мишель Платиниге "эки миллион доллардай акчаны кымырып алган, документтерди бурмалап жасашкан" деген айып тагылган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Блаттер Платиниге ФИФАда иштегени үчүн федерациянын эсебинен мыйзамсыз акча төлөөнү арткы дата менен жактырган.

Бул иш ачыкка чыкканда эки функционер 2015 жана 2016-жылдары кызматтарынан кеткен. Аларга футбол тармагында бир нече жыл кызмат ээлөөгө тыюу салынган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, бул кадам эл аралык уюмдун беделине шек келтирген. Экөө тең айыптоолорду мойнуна алышкан эмес. Ушул ишке байланыштуу Блаттер менен Платини кызматтан кетүүгө аргасыз болушкан. Экөөнө тең футбол уюмдарына кызматка барууга тыюу салынган эле.
Соттун чечиминен кийин Платини бактылуу экенин айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG