Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:11

Акылбек Жапаров ККМ бардык ишкерге милдеттүү бойдон калганын билдирди


Акылбек Жапаров жана ККМ боюнча жумушчу топтун жыйыны. 8-июль, 2022-жыл.
Акылбек Жапаров жана ККМ боюнча жумушчу топтун жыйыны. 8-июль, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ аппараты) киргизүү шарттарын талкуулоо боюнча жумушчу топтун акыркы чогулушун өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымады.

Маалыматка ылайык, жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында бардык ишкерлерге контролдук-кассалык машиналарды жана эсеп-фактураларды колдонуу милдеттүү бойдон калды. Ишкерлерди ККМ менен камыздоодо айына 300 сомдон бөлүп төлөө шарттары каралды.

“Бул 300 сомдун чегинде болот жана биз ошондой эле мүмкүн болушунча отчеттуулукту жөнөкөйлөштүрөбүз. Милдеттүү бойдон калган бир гана нерсе - бул контролдук-кассалык машиналарды жана эсеп-фактураларды колдонуу. Ушул эки инструмент аркылуу биз төлөм төлөбөгөндөргө чыгып, экономиканы мыйзамдуу талаага алып чыгабыз”, - деди Жапаров.

Жапаров жумушчу топ менен бирге ККМ аппаратын ишке киргизүүнүн ыңгайлуу ыкмалары иштеп чыкканын маалымдады. Ошондой эле ишкердин жылдык жүгүртүүсү 8 млн. сомго жетпесе, салыктан бошотуу чечими кабыл алынды. 8 млн. сомдон ашкандар үчүн салык 0,5 же 1% болот.

Жапаров жушумчу топтун ишин жемиштүү болду деп баалап, “негизгиси салык төлөөдөн качкан бизнесмендердин куралы болуп калбашы керек” деп кошумчалады.

13-июнда соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акцияга чыккан. Дүкөн иштеткендер ККМ жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калышын талап кылып, ККМ колдонбогондорго айып салынып жатканын даттанышкан.

Соодагерлер менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолугушуп, нараазылыкка чыккандардын өкүлдөрүнөн жана тиешелүү өкмөттүк органдардан атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда. Учурда өлкө боюнча 50 миң көзөмөл-кассалык машине колдонулуп жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG