Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Казакстан: Январь окуясына шектелип жаткан өспүрүм өзүнө кол салды


Казакстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда Январь окуяларына айыпталып жаткандардын бири, 17 жаштагы Кадыржан Абиз Каскелең шаарындагы ооруканага түшкөнүн 7-июлда “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады. Ал “курал уурдаган” деген айып менен козголгон кылмыш иши сотко өткөнү тууралуу укканда күч органдарына протест катары өзүнө өзү кол салып, башынан жана моюнунан жараат алганы белгилүү болду.

Адвокатынын айтымында, аларды иштин материалдары менен эч ким тааныштырган эмес, сотко өткөрүү тууралуу документтерге кол койдурган эмес.

Кадыржан Абиз, жактоочу билдиргендей, 8-январдан 17-февралга чейин Алматынын тергөө абагында отурганда кыйноого кабылган, бир бармагы сынганы тууралуу медициналык тастыктама иштин материалдарына тиркелген. Ал күч органдарынын айыптоолорун четке кагууда.

Быйыл январь айында алгач социалдык-экономикалык талаптар айтылган нааразылык акциясы бир катар ири шаарларда жапырт башаламандыкка айланып кеткен. Бийлик митингге чыккандарды террорчулар деп атап, миңдеген адамдарды камакка алган. Бүгүнкү күнгө карата 392 кылмыш иши боюнча 445 адам соттолду.

Ошол күндөрү казак күч кызматкерлери кармап кеткен эки кыргызстандык да эч күнөөсү жок кыйноого кабылганын айтып келе жатышат, алардын бири өз алдынча баса албай жатканын “Азаттык” маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG