Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:38

Муфтият Дооловдун сөзү кадыр-баркка шек келтирбейт деп тапты


Садыбакас Доолов.
Садыбакас Доолов.

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Бишкек шаарынын Свердлов районунун башкы имам хатиби Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу териштирүү жүргүзүп, аны үч критерий менен караган. Жыйынтыгында муфтият Доолов шариятты бузган эмес, саясатка аралашпаган жана жеке кадыр-баркка шек келтирген жок деп табылган.

“Учурда Садыбакас ажы Доолов менен баарлашуу иштери жүргүзүлүп, элге айта турган сөздүн мааниси толук жетпей калгандыгы айтылды”, - деп жазылган билдирүүдө.

6-июлда бир катар жергиликтүү басылмалар диний ишмер Садыбакас Дооловдун видеосун жарыялашкан. Анда имамдын ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу кеп кылып, "аялдын эти арзандаганы үчүн, койдун эти кымбаттады" деп айтканын көрүүгө болот.

Садыбакас Доолов ал видео жөнүндө “Азаттыкка” кыскача комментарий бергенде, өзүнүн сөзү “контекстен үзүлүп алынып, мааниси бурмаланып калганын” айткан.

Айрым жарандык активисттер Дооловдун сөзүн “аялдардын укугун басмырлоо” деп эсептеп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине арыз жазган.

Муфтияттын сайтындагы маалыматка караганда, Садыбакас Доолов 2021-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болгон. 2020-жылы ошол кездеги муфтий Максат Токтомушев Дооловго муфтияттын эң жогорку даражадагы "Айкөл" орденин тапшырган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG