Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Кыргызстандык футболчу кыздар CAFA Women’s Championship мелдешине катышат


Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Эл аралык CAFA Women’s Championship мелдешине катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол уюму билдирди.

Мелдеш 8-20-июль күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын, Тажикстандын, Ирандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын курама командалары катышат.

Команданын башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров 7-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип, шакирттеринин даярдыгы тууралуу буларга токтолду.

"Бул турнирге кубануу менен катышабыз жана чоң тажрыйба топтойбуз деп ишенем. Команда жаш болгонуна карабай, спортчуларыбыздын психологиялык даярдыгы жогорку деңгээлде. Атаандаштар менен көптөн бери оюн талаасынан жолуга элекбиз, мелдеш кайсы команда кандай даярданганын көрсөтөт. Менимче, бардык курама командалар жакшы оюн көрсөтүшөт деп ойлойм. Баарына ийгилик каалайм", - деди Нематжан Закиров.

CAFA Women’s Championship мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы 8-июлда Ирандын курама командасы менен беттешет. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG