Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:28

ТҮРКСОЙ кыргыз калемгерлеринин чыгармаларын түрк тилинде басып чыгарды


“Кыргыз поэзиясынын антологиясы” китеби.
“Кыргыз поэзиясынын антологиясы” китеби.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Евразия жазуучулар биримдиги менен биргеликте кыргыз акын жана жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилинде басып чыгарды. Уюмдун башкы катчысы Султан Раев “Азаттык” радиосуна 6-июлда билдиргендей, долбоор алкагында үч китеп жарык көрдү.

“Чыңгыз Айтматов жана мифология дүйнөсү” аттуу китепте залкар жазуучунун чыгармаларындагы мифологиянын орду жөнүндө баяндалат.

“Жолон Мамытов” деген китеп таланттуу акындын чыгармачылыгына арналды. Анда анын өмүр баяны жана акындык жолу кеңири чагылдырылды. Түрк окурмандары Мамытовдун чыгармачылыгы менен алгач ирет таанышып олтурат.

“Кыргыз поэзиясынын антологиясы” китебинде соңку 30 жыл аралыгында биринчи жолу кыргыз акындарынын, өзгөчө жаш акындардын поэзиясы камтылды. 53 акындын чыгармалары кыргыз жана түрк тилдеринде жарык көрдү. Бул китепке кыргыздын аксакал акындарынан тартып көзү өтүп кеткен жаш таланттуу акындар Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Эрнис Асек уулунун калеминен жаралган саптар кирди. Ошондой эле жаш акындар Максат Жангазиевдин, Афина Бакированын, Мелис Маматжановдун поэзиясы бар.

Китептердин бет ачары Түркияда жана Кыргызстанда уюштурулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG