Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Мас айдоочуну жазалоо боюнча жаңы мыйзам коомдук талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мас айдоочулардын жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду. Депутат Марлен Маматалиев сунуштап жаткан долбоор колдоо тапса, Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Укук тартибин коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилет.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, соңку он жылда Кыргызстанда 68 миңге жакын жол-транспорт кырсыгы катталды, натыйжада 10 миңдей адам каза болду. Жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын айынан болот, анын ичинде машинени мас болуп алып айдагандар 7% түзөт.

Сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса, мас абалында машине айдап эреже бузгандар 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Азыркы мыйзамда бул мөөнөт 8 жылга чейин деп көрсөтүлгөн.

Алкоголдун концентрациясынын белгиленген чектен ашкандыгы үчүн айыппул азыр 17,5 миң сомду түзөт, жаңы эреже кирсе 50-80 миң сом болот. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG