Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:19

Коммерциялык банктардын доллардан алган комиссиясы боюнча маалымат берилди 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева Кыргызстандагы айрым коммерциялык банктар жеке адамдын эсебинен накталай доллар алуудагы комиссия катары кармап калган акча боюнча түшүндүрмө берди. Карабаева «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» талкуусунда билдиргендей, өлкөдө накталай доллар тартыш болуп жаткандыктан, банктар сырттан доллар алып келүүдө. Алар долларды алып келген чыгымын жабуу үчүн комиссия киргизишкен.

“Накталай долларды алып келүү үчүн коммерциялык банк башка өлкөдөгү өнөктөш банкынан алып келүүдө каражат, чыгым болуп жатат. Мисалы, накталай эмес болсо эсепке которулмак. Ал накталай алып келгенге чыгым кетет”.

Карабаева ал комиссиянын пайызын көзөмөлдөө боюнча Улуттук банк иштеп жатканын маалымдады. Учурда айрым банктар кардарлардын эсебинен накталай доллар алууда 5% чейин комиссия кармап калып жатат.

Кыргызстанда доллардын курсуна байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп жатат. Өлкөдө накталай доллар тартыштыгы сезилип, ишкерлерге кошумча түйшүк жаратууда. Өкмөт жана Улуттук банк муну Орусиядагы кырдаалга байланыштырган. Накталай доллар Орусияга чыгарылып жатканын билдирди.

Акыркы эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен. Ошондон бери төмөндөп отуруп, расмий курсу 79-80 сомдон болууда.

Ал эми акча алмаштыруучу жайларда соңку эки күндөн бери доллар жана евро 3-4 сомго кымбаттай баштаганы байкалууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG