Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Базарбеков туура эмес чечим чыгарган судьялар көп экенин айтты


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өспүрүмдөргө жасалган кылмыштар боюнча туура эмес чечимдер көп болуп жатканын дагы бир жолу эскертти. Базарбеков 6-июлда Чүй облусунда соттор менен жолугушуу учурунда, айрым судьялардын кемчилигине токтолду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Базарбековдун айтымында, айрым судьялар өспүрүмдөргө жасалган кылмыш иштерин кароодо, мыйзам бузуу менен өзгөчө оор кылмыштарды, анча оор эмес кылмыштарга квалификациялап, айыпталуучуларды жазадан бошотуп жиберген учурлары көп.

“Жогоруда айтылган нерселер сот системасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн билинип калган, коомчулукта кызуу талкууга алынган аз эле бөлүгү. Билинбей жасалып жаткан жат көрүнүштөр кыйла көп экенин баарыбыз жакшы билебиз”, - деди Базарбеков.

Жогорку сотун төрагасы ар бир чыгарылган чечимдин артында адам тагдыры турганын белгиледи.

Буга чейин ал Ош облустук сотунда жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары менен жыйын өткөрүп, өспүрүмдөрдү зордуктоо иштери жакшы изилденбей, туура эмес чечимдер чыгып жаткан учурлар бар экенин айткан болчу.

Учурда коомчулукта 13 жашар кыздын зордукталган окуясы кызуу талкууланууда. Укук коргоочулар бийликтен кыздын укугун коргоп, акыйкат чечим чыгарууна талап кылып жатышат.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылды. Кезектеги отурум 8-июлга белгиленди. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG