Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Финляндия менен Швеция НАТОго кошулуу протоколуна кол койду


Швеция менен Финляндиянын тышкы иштер министрлери жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 5-июль, 2022-жыл. Брюссель.
Швеция менен Финляндиянын тышкы иштер министрлери жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 5-июль, 2022-жыл. Брюссель.

Финляндия менен Швециянын тышкы иштер министрлери 5-июлда аскердик альянстын Брюсселдеги баш кеңсесинде протоколго кол коюшту.

Эми бул документти НАТОго мүчө бардык 30 мамлекет ратификациялашы керек.

"32 өлкө менен биз дагы күчтүүрөөк болобуз. Соңку он жылдагы коопсуздук жаатындагы эң чоң кризиске туш болуп жаткан маалда элибиз дагы коопсузураак болот", - деди Столтенберг.

Швеция менен Финляндиянын тарыхый кадамы Орусия Украинага кол салган маалда жасалды. Альянска мүчө ар бир мамлекеттин документти ратификациялоосу үчүн бир нече ай кетиши мүмкүн.

Алгач НАТОнун дагы бир мүчөсү Түркия бул эки мамлекеттин альянска кошулушуна каршы чыккан. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Хельсинки менен Стокгольмду күрд согушкерлерине баш калка бергени үчүн айыптап, аларды Анкарага кайтарып беришин талап кылган.

Бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин Эрдоган кошулууга жолтоо болбосун, бирок айрым убадалар аткарылбаса, вето коюп салышы мүмкүн экенин эскерткен. Кандай убадалар берилгени ачык жарыяланган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG