“Эсимде” изилдөө аянтчасы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн уюштурганы жатканын 4-июлда жарыялады. Жүрүш август айынын биринчи жумасына пландалууда.
Анын алкагында катышуучулар 1916-жылдагы трагедияга байланышкан тарыхый жерлерди кыдырышат. Чүй өрөөнүнөн башталган эскерүү жүрүшү Ысык-Көлдүн күңгөйү менен тескейин аралап, Сырт өрөөнүнө, кандуу окуялар болгон, адамдарды атып өлтүрүшкөн, тарыхты баяндаган жазуучулардын китептеринде жазылган жана жергиликтүү тургундар оозеки айтып жүргөн аймактарга барат.
Колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларды эскерүү, 1916-жылдагы трагедиялык окуяларды коомчулуктун эсине салуу максатын көздөгөн акцияга жарандык активисттер, окумуштуулар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.
Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.
Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.
Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.
2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (RK)
Facebook шеринеси