Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:54

Өкмөт элдин арыздарынын 80% укук коргоо органдары боюнча экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөткө эл жолдогон арыз-даттануулардын 80% укук тартибин коргоо органдарынын ишине байланыштуу экенин 4-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуда айтты.

“Тергөө иштерине, соттук процесстерге даттанган адамдар арбын. Ошондуктан алдыдагы күндөрү башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков менен биргеликте аймактарды кыдырып, жеринде элдин кайрылууларын угабыз”, - деди Жапаров.

Өкмөт башчынын айтымында, алгачкы жолугушуу Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда болот.

Кыргызстанда 2021-жылы өлкөнүн акыйкатчысынан жардам сураган кайрылуулардын саны 13 миңден ашуун болгонун быйыл 7-июнда Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатып акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Ал да арыз-даттануулардын көбү милиция, прокуратура, сот органдарынын ишине байланыштуу экени белгиленген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG