Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:01

Ички иштер министри менен башкы прокурор аймактарды кыдырат


Ош облусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев ички иштер министри Улан Ниязбеков жана башкы прокурор Курманкул Зулушев аймактарды кыдырарын маалымдады. Жолугушуулардын графиги Султанбаевдин Фейсбуктагы баракчасына жазылган.

“Президент Жапаровдун өлкөбүздүн аймактарына жумушчу сапарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар учурунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлөт. Алардын көпчүлүк бөлүгүн соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразылыктар түзөт. Ошол себептен мамлекет башчыбыз Башкы прокурор менен Ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койду”, - деп айтылат басма сөз катчынын билдирүүсүндө.

ИИМ министри менен башкы көзөмөл органдын жетекчиси алгач Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына, андан кийин Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырышат.

Буга чейин президент Садыр Жапаров өкмөттүн аткаруу тартиби аксап жатканын, конкреттүү багыттар боюнча облустагы өкүлдөр, район акимдери менен айыл өкмөт башчыларынын айрым иштери чабал болуп жатканын сындаган. Апрель айында президенттин тапшырмасы менен облус башчылары бардык райондорду кыдырып чыккан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG