Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:43

Акылбек Жапаров Нарындагы сапарында кендер иштетилерин билдирди


Акылбек Жапаров Нарындын активи менен жолугушуусу. 4-июль, 2022-жыл.
Акылбек Жапаров Нарындын активи менен жолугушуусу. 4-июль, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-июлда президенттин Нарын облусундагы жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду өкүлчүлүктүн аппараты менен тааныштырды. Нарын облустук телеканалынын Ютубда жарыяланган видеосунда Акылбек Жапаров экологияны буза турган долбоорлорго жол берилбей турганын, кен байлыктар иштетилерин билдирди.

“Биз экологияны буза турган бир дагы долбоорго жол бербейбиз. Бирок кендерди иштетебиз. Кыргыздын экономикасынын пайдасына, келечек үчүн, балдарыбыз Кыргызстандан кетип калбашы үчүн экологияны бузбай, акыл-эс менен иштетебиз. Кудай берген топурактын арасындагы кендерди Кыргызстандын келечегине, бүгүнкү күн үчүн дагы иштетебиз”.

Бирок өкмөт башчы кайсы кен жөнүндө айтканын тактаган жок. Өткөн жумада президент Садыр Жапаров Нарындагы Солтон-Сары алтын кениндеги 2019-жылы жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгынан кийин токтотулган Бучук тилкесине барган.

Эл менен жолугуп, ишкана боюнча акыркы чечим комплекстүү анализ жана кырдаалды ар тараптуу изилдөөдөн соң кабыл алынарын белгилеп, экология маселелерине өзгөчө көңүл буруларын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде "Азаттыкка" курган маегинде Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген.

Айрым жергиликтүү тургундар темир кенин иштетүүгө каршы чыгып келишет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG