Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:42

Ысык-Көл: Кум жээктеги мыйзамсыз курулуштар боюнча мониторинг башталды


Ысык-Көл.Иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көл.Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунун аймагындагы муниципалдык кум жээк тилкелерин иретке келтирүү иши башталганын 3-июлда райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Алтынбек Сулайманов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү мекемелердин жетекчилери Бостери айылындагы “Борбор” эс алуу жайынын кѳл жээгине барып, ал жердеги абалы менен таанышышты.

Андан соң алар Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында чогулуш ѳткѳрүп, район аймагындагы муниципалдык пляждарды иретке келтирүү максатында атайын комиссия түзүү жана муниципалдык пляждардагы мыйзамсыз курулуштарды үч күндүк мѳѳнѳттѳ аныктап, мыйзам чегинде тиешелүү иштерди алып баруу чечимин кабыл алышты.

Акимчиликтин маалыматына караганда, комиссия бүгүн 4-июлдан тартып кѳл жээктеги мыйзамсыз курулуштарды изилдеп, мониторинг жүргүзө баштайт.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун тургундарынын пляжга киришине чектөөлөр жана көл жээгинде ачык эшиги жок тосмолор алынары тууралуу жарлыкка кол койгон. Жарлыкта санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждер ар кандай тосмолорду орнотуу аркылуу калктуу конуштардын тургундарынын пляж аймагына кирүү укугун чектеп жатканы айтылган.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын көбү Ысык-Көл районунда жайгашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG