Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:09

Мирзиёев Каракалпакстандагы жоготуулар тууралуу маалымат берди


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Нукуста. 3-июль, 2022-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Нукуста. 3-июль, 2022-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандагы башаламандыктардагы жоготуулар тууралуу үн катты. Маалымат кызматы 3-июлда таратка билдирүүсүндө президент канча адам мерт кеткенин же жарадар болгонун айткан эмес.

"Тилекке каршы, жайкын тургундардын жана коопсуздук кызматкерлеринин арасында дагы жоготуулар бар",- деген Мирзиёев.

Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болду.

Азыркы Баш мыйзамда Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деп мүнөздөлгөн. Анын суверенитети Өзбекстан тарабынан корголору жазылган. Бирок жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмөлөр алынган.

1-июлда бул өзгөртүүлөргө каршы республика борбору Нукуста миңдеген адамдардын катышуусунда жапырт акция өттү. Социалдык тармактарга Каракалпакстандын башка аймактарында да нааразылык демонстрациялары өткөнү кабарланып, видеолор жарыяланды. Алардын айрымдарында митингге чыккандар күч менен таратылганын көрүүгө болот. Кээ бир тасмаларда күч кызматкерлери курал колдонуп жатканы да чагылдырылган. Бирок бул кадрлар канчалык реалдуу экенин бышыктоо мүмкүн эмес. Нукуста интернет өчүрүлгөн.

Мирзиёев 2-июлда Каракалпакстан республикасынын борбору Нукуска барып, жергиликтүү депутаттар менен жолукту. Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG