Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:50

Иран: экс-президенттин кызы мамлекетке каршы пропагандага айыпталууда


Ирандын мурдагы президенти Акбар Хашеми Рафсанжанинин кызы Фаизех Хашеми.
Ирандын мурдагы президенти Акбар Хашеми Рафсанжанинин кызы Фаизех Хашеми.

Ирандын мурдагы президенти Акбар Хашеми Рафсанжанинин кызына "Иран Ислам республикасынын системасына каршы пропагандалык ишмердүүлүккө барган жана кудайга акаарат келтирген" деген айып тагылып жатканын өлкөнүн сот системасы 3-июлда билдирди.

Мурдагы депутат жана укук коргоочу, 59 жаштагы Фаизех Хашеми камакка алынган-алынбаганы белгисиз. Маалыматтарга караганда, буга Хашеминин социалдык тармактардын биринде жазган комментарийи себеп болгон.

Ал Ирандын АКШдан Ислам революциясынын сакчылар корпусун террорчул уюмдардын тизмесинен чыгаруу талабы Тегерандын улуттук кызыкчылыктарына "шек келтирерин" жазган. Тегерандын мындай талабы Иран менен дүйнөлүк державалардын ортосундагы 2015-жылкы өзөктүк келишимдин калыбына келтирилишине тоскоолдук жаратууда.

Ошондой эле, Хашеми Мухаммед пайгамбардын аялын "бизнес-леди" деп атап, ал эми пайгамбар анын акчасын чачканын жазган. Кийин Хашеми бул комментарийин "тамашага" шылтаган.

Акбар Хашеми Рафсанжани Ирандын башында 1989-1997-жылдары турган. Ал Батыш жана АКШ менен тирешүүнү каалабаган консерватор катары саналчу. Хашеми 2017-жылы дүйнөдөн кайткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG