Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Киев Лисичанск Орусиянын көзөмөлүнө өткөнүн төгүндөдү


Лисичанск шаарында талкаланган имараттар.
Лисичанск шаарында талкаланган имараттар.

Украина бийлиги Луганск облусундагы украин армиясынын акыркы таянычы болгон Лисичанск шаары орус армиясынын көзөмөлүнө өткөнү тууралуу маалыматты четке какты.

"Украинская правда" басылмасы Улуттук гвардиянын спикери Руслан Музычуктун сөзүнө таянуу менен Лисичанскинин жанында айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканын, шаар украин аскерлеринин көзөмөлүндө экенин жазды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 2-июлдун кечиндеги маалыматында орус аскерлери Лисичанск шаарынын жанындагы Верхнекаменкада турганы кабарланды. Ошол күнү эртең менен Башкы штаб орус аскерлери Верхнекаменкага жакын жерде Лисичанскини көздөй баратканын, бирок майнап чыкпай, артка чегингенин билдирген.

Ишемби күнү орусиялык бир катар мамлекеттик басылмалар Лисичанк орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөнүн жазышкан.

Соңку күндөрү бул шаарда катуу кармаш жүрүп жатат. Эгер Орусия аны басып алса, анда иш жүзүндө Украинанын Луганск облусуна толук көзөмөлүн орноткон болот.

Москванын Украинадагы чабуулдары 24-февралдан бери уланып жатат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG