Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:03

Мирзиёев Каракалпакстандын статусу тууралуу беренени өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады.

Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Телеграм-каналында кабарлады.

Мирзиёев 2-июлда Каракалпакстан автономиялуу республикасынын борбору Нукуска учуп барган. Андан кийин жергиликтүү депутаттарга жолуккан.

Маалыматка ылайык Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын элинин пикирине таянарын айтып, Конституцияны өзгөртүү боюнча талкуулар аягына чыга электигин белгилеген.

"Президент Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү иштери уланып жатканын жана Каракалпакстандын жашоочуларынын пикирин эске алып, Өзбекстан Республикасынын учурдагы Конституциясынын 70, 71, 72, 74, 75- беренелерин өзгөртүүсүз сактоо зарылдыгын белгиледи", - деп жазылган басма сөз кызматтын Телеграм-каналында.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Нукуска учуп кеткенин Орусиянын Интерфакс агенттиги президенттик администрациядагы булагына таянып кабарлаган. "Азаттыктын" өзбек кызматы Flightradar24 сервисинин маалыматтарына шилтеме берип, президент Шавкат Мирзиёевдин жана премьер-министр Абдулла Ариповдун учактары Нукуска карай багыт алганын жазган.

Интернет булактарына 1-июлда Каракалпакстандын борборунда жоон топ адам чогулуп, ар кыл ураандарды чакырып жаткан видеолор тараган. Алар Өзбекстандын Баш мыйзамына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөрдөгү Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө байланыштуу беренелерге нааразы болушкан.

Андан кийин Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Каракалпакстан республикасынын борбору Нукус шаарындагы 1-июлдагы митингдер боюнча үн катып, жарандардын нааразылыгына "конституциялык реформалардын туура эмес чечмелиниши" себеп болгонун билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG