Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

Саясатчы Равшан Жээнбеков сурактан чыкты


Равшан Жээнбеков сурактан чыккандан кийин, 2-июль 2022-жыл.
Равшан Жээнбеков сурактан чыккандан кийин, 2-июль 2022-жыл.

Саясатчы Равшан Жээнбеков 2-июлга караган түнү саат 2ден өткөндөн кийин сурактан чыкты. Ал Кыргызстандын тышкы карызына байланыштуу социалдык тармактарга жазган посту үчүн суракка чакырылганын Бишкектеги Ленин райондук милициясынын имаратынын алдына чогулган тарапкерлерине жана журналисттерге айтты.

“Ал жерде эч кандай жалган маалымат, эч кандай туура эмес маалымат жок. Тергөөчүлөр мени суракка алышты. Башка суроолор жок экенин, үйгө кете берсем болорун айтышты”, - деди Жээнбеков.

Жээнбеков 1-июлдун кечинде милиция бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болгон. Анын суракка алынышы тууралуу расмий органдар маалымат бере элек.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты социалдык тармактагы баракчасына "өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1,3 миллиард долларга көбөйтүү ниетинде" деп жазган.

30-июнда Адилет Балтабай деген ат менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбек камакка алынган. Ага Фейсбукка жазган билдирүүлөрү үчүн “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG