Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Жапырт уулануудан соң Жалал-Абаддагы тез татым жайлары текшерилүүдө


Бүгүн, 1-июлда Жалал-Абад шаардык мэриясы менен оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери , тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү калаадагы тез татым түйүндөрүндөгү санитардык абалды текшерип жатат.

Текшерүүнүнүн жүрүшүндө бир катар тез татым жайларында санитардык эрежелер толук сакталбаганы, төрт түйүндүн кызматкерлеринин санитардык китепчелеринин жоктугу жана азык-түлүктөрдүн сактоо эрежелери талапка жооп бербегени аныкталды. Аларга 3 миңден 7,5 миң сомго чейин айып пул салынганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаарында 27-июнда жана 1-июлда “Ага-ини” жана “Таж-Махал” тез татым жайларынан тамактанган 54 адам ууланган. Алардын 20сына биринчи жардам көрсөтүлүп үйлөрүнө жөнөтүлсө, учурда 34 адам облустук ооруканада дарыланууда.

Май айында Сүлүктү шаарында тойго барган 32 адам, Ош шаарында таттуу токоч жеген отуз адам ууланып, ооруканага түшкөн. (JsA\TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG