Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:58

Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө мыйзам кабыл алынды  


Иллюстрация
Иллюстрация

30-июнда Жогорку Кеңеште Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеген “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, үч окууда добуш берилди.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова белгилегендей, мыйзам долбоору креативдүү ишкердик менен алектенгендердин ишинин өзгөчө режиминин иштеши үчүн укуктук негиздерди түзүү максатында демилгеленген.

Аталган мыйзам өкмөт менен жеке сектордун чыгармачыл өнөр жайды эл аралык рынокто алга сүрөшүнө көмөкчү болот. Чыгармачыл продуктулар менен кызматтардын экспортун өнүктүрүүнү шарттайт. Мыйзам боюнча жаратмандыктын тизмесине 15 ишмердик камтылган. Аларга архитектура, ландшафттык, ички жана графикалык дизайндар, сүрөт чеберчилиги, медиа өнөрү, музыка, кино, видео өндүрүшү, кол өнөрчүлүк, мода өнөр жайы жана башкалар кирет.

Президент Садыр Жапаров 21-апрелде "Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлык чыгарган. Жарлыкта креативдүү экономика Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган. Муну менен катар, Министрлер кабинети креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекиткен.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG