Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Иран өзөктүк келишимди сактап калууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди


Ирандын башкы дипломаты Хоссейн Амир-Абдоллахиан (оңдо) менен Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Жозеп Боррел.
Ирандын башкы дипломаты Хоссейн Амир-Абдоллахиан (оңдо) менен Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Жозеп Боррел.

Ирандын башкы дипломаты Хоссейн Амир-Абдоллахиан Тегерандын өзөктүк программасы боюнча жети жыл мурунку келишимди сактап калууга дале мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлиги 30-июнда Твиттер аркылуу билдирди.

"Биз жакшы, бекем жана туруктуу келишимге жетишүүгө даяр экенибизди баса белгилейм", - деп айткан министр Амир-Абдоллахиан.

Буга чейин АКШ өзөктүк келишимге байланыштуу Вашингтон менен Тегерандын өкүлдөрүнүн ортосунда Доха шаарында өткөн кыйыр сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаганын билдирген болчу. Бул сүйлөшүүгө Европа Биримдигинин дипломаттары ортомчулук кылган.

Март айында өзөктүк келишимди сактап калууну көздөгөн кеңири сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган. Андан бери Тегеран эл аралык инспекторлорго Ирандын ядролук жайларына мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген видео камераларды өчүрүп салган.

АКШ менен Иран Дохадагы соңку сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпаганы үчүн бири-бирин айыптап жатат. Вашингтон Иран келишимге "эч тиешеси жок" маселелерди көтөрүп жатканын билдирсе, Тегеран АКШ тараптын Ирандын экономикалык кызыкчылыктарына кепилдик берүүдөн баш тартып жатканын жүйө келтирип жатат.

Өткөн аптада Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Жозеп Боррел сүйлөшүүлөрдү кайра улантуу максатында Тегеранга барган. Орусия Украинага кол салгандан бери Европа башка өлкөлөрдөн мунай импорттоонун жолун караштырып келет.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.

2018-жылы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы бул келишимден чыгып кетип, санкцияларды кайра жанданткан. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тартып, уран байытуу аракетин күчөткөн. Андан бери келишимди жандандырууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдөн олуттуу жыйынтык чыкпай келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG