Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

Жаныбеков: Жайыт комитетине эндикти казууга каршы чара көрүүгө тапшырма берилген


Соңку үч жылдан бери Ысык-Көл менен Нарында эндиктин тамырын мүшөктөп казгандар көбөйдү.
Соңку үч жылдан бери Ысык-Көл менен Нарында эндиктин тамырын мүшөктөп казгандар көбөйдү.

Жогорку Кеңеште Ысык-Көл менен Нарын облусунда жайыттарда, тоолордо эндик казгандар көбөйүп кеткени тууралуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Мурадил Сыдыков бул өсүмдүктүн тамырын казгандарга эмес, аны сатып алып жаткандарга чара көрүү керектигин билдирди. Мындай көрүнүш айрыкча ушул жылы күчөгөнүн маалымдады.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков депутаттын суроосуна жооп берип жатып, буга байланыштуу Жайыт комитетине атайын тапшырма берилгенин, кандай чаралар көрүлгөнү тууралуу жакында маалымат берилерин кабарлады.

Соңку үч жылдан бери аталган эки облуста эндик чөбүнүн тамырын казып, мүшөктөп ташып жаткандар көбөйүүдө. Тоолуктар тамырдан пайда-киреше издегендерге нааразы болуп, жайытты талкалап жатышканын айтып чыгышкан. Экологдор бул чөптү казууга тыюу салуу үчүн Илимдер академиясына кат жолдогон.

"Азаттык" эндиктен пайда издегендер, анын тамырын казууда жаратылышка келтирилген зыян тууралуу сюжет тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG