Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Сурамжылоо: Жумушсуздук жана баалардын жогорулашы негизги көйгөй деп аталды


Бишкек. Жумуш издеп көчө боюнда отургандар. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Жумуш издеп көчө боюнда отургандар. Иллюстрациялык сүрөт.

Жумушсуздук жана баалардын жогорулап кетиши бүгүнкү күндө Кыргызстанда негизги көйгөй экенин жыйынтыгы 29-июнда жарыяланган сурамжылоонун катышуучулары билдиришти.

“Жалпы өлкө үчүн негизги көйгөй кайсылар?” деген суроого жооп бергендердин 66% экономикалык абалды, жумушсуздукту, баалардын жогорулашын, 35% коррупцияны, 18% суу маселесин аташкан.

Ал эми “Жеке сиз жана үй-бүлөңүз үчүн кайсы проблемалар негизги көйгөй?” деген суроого 24% жумушсуздук, 20% каржылык көйгөйлөр, акчанын жетишсиздиги жана 14% баалардын жогорулашы деп жооп беришкен.

Сурамжылоого катышкандардын 85% Кыргызстан бүгүнкү күндө туура багытта баратканын белгилешкен. Бул көрсөткүч 2020-жылдын августунан бери дээрлик эки эсе жогору болуп чыкты. Акыркы жолу эң жогорку көрсөткүч 2017-жылдын ноябрында белгиленген. Анда өлкө туура багытта баратканын сурамжылоого катышкандардын 66% белгилеген.

Республиканын бардык аймактарында 18 жаштан жогору курактагылар арасында кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн сурамжылоо быйыл 7-20-апрель күндөрү өткөн. Аны АКШнын Эл аралык республикалык институту (IRI) уюму жүргүздү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG