Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Бекешев: Лифттер иштебей, майыптыгы бар кишилер кыйналды


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдөгү 500 лифт оңдоого муктаж экенин айтып, шаарда көйгөй курч маселеге айланганын айтты. Жыйында депутат Министрлер кабинетин Бишкек мэриясына жардам берүүгө чакырды.

"Жал районунда майыптыгы бар киши 7-кабаттан чыга албай жатат. Анткени лифт иштебейт. Бишкектеги көпчүлүк кабат үйлөрдө лифт иштебей калды. Министрлер кабинети мэрия менен чогуу программа иштеп чыксаңар жакшы болмок", - деди депутат.

11-январда Бишкектеги Улан кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт өз алдынча иштеп кетип, ага коляскадагы баласы менен кирип бараткан 38 жаштагы адам кыпчылып калып каза болгон. Ымыркай зыян тарткан эмес.

Кыргызстанда лифттен кырсыктап каза болгон учурлар буга чейин дагы болгон. 2015-жылы Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда лифт оңдоп жатып бир киши каза болгон. 2018-жылы Бишкек шаарынын Айтматов проспекти жана Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн лифтин оңдоп жаткан эки адам кулап кетип, бирөө каза тапкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG