Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Таласта "Таза суу" ишканасынын үч кызматкери газга ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 28-июнда Талас шаарында "Таза суу" муниципалдык ишканасынын үч кызматкери газга ууланып, ооруканага түштү. Облустук бейтапкананын жетекчиси Нурдин Усупбеков "Азаттыкка" билдиргендей, уулангандар реанимацияга жаткырылды.

Саат 11лер чамасында облустук милициянын жанындагы канализация түтүгүнө тазалоо үчүн кирген "Таза суу" ишканасынын үч кызматкери газга ууланып, эс-учун жоготкон. Аларды куткарууга кирген облустук милициянын "Шумкар" атайын багыттагы полкунун үч кызматкери да ууланып, аларга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Шаар мэриясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG