Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:16

Казакстан каржы пирамидасын жарнамалоого кылмыш жазасын киргизет


Каржы пирамидасы боюнча сот процесси, Актөбө. 29-июнь, 2021-жыл.
Каржы пирамидасы боюнча сот процесси, Актөбө. 29-июнь, 2021-жыл.

Казак парламентинин жогорку палатасы каржы пирамидаларынын ишмердигине байланышкан мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи окууда кабыл алды. Долбоордо андай пирамидаларды түзүү үчүн чараларды күчөтүп, аларды жарнамалагандарга кылмыш жазасын киргизүү каралууда. 15-июнда жобону мажлис жактырган.

Финансылык пирамадаларды жарнамалоо үчүн жаза колдонуу чакырыктары белгилүү вайнерлер Mudarabah Capital деген компанияны рекламалап, анын ээлеринин бири катары киреше алып турганы ачыкка чыккандан кийин күчөдү. Өздөрүн "инвестициялык структура" деп атаган компанияга алдангандар нааразылык акцияларына чыккандан кийин тергөө башталган.

Казакстандын Финансылык мониторинг агенттиги 15-июнда билдиргендей, быйыл 17 миңден ашуун жаран каржы пирамидаларга 27 миллиардга жакын тенге (58 миллион доллардай) салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG