Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Москвада полиция оппозициялык саясатчы Илья Яшинди кармап кетти


Илья Яшин. Архивдик сүрөт.
Илья Яшин. Архивдик сүрөт.

Москванын полициясы оппозициялык саясатчы Илья Яшинди кармап кетти. Бул тууралуу аны менен кошо паркта сейилдеп жүргөн журналист Ирина Баблоян билдирди. Журналисттин айтымында, тартип коргоочулар себебин түшүндүрбөстөн, Яшинди машинеге салып кетишкен.

"ОВД-Инфо" саясатчынын досуна таянып, Яшинди "Лужникидеги" полиция бөлүмүнө жеткиришкенин маалымдады. Адвокаты Вадим Прохоров күбөлүгүн жана ордерди көргөзгөнүнө карабай, аны полицияга кое бербей коюшканын Фейсбукка жазды.

Прохоров сот 28-июнда болорун кошумчалады. Оппозиционерге "тартип коргоочуларга баш ийбөө" деген административдик берене менен айып тагылууда. Күнөөлү деп табылса, Яшин 15 күнгө камалышы мүмкүн. Баблоян жазганына караганда, ага кармап кетип жатканда полиция кызматкерине акаарат келтирген, алар менен урушкан деген доомат артылууда. Журналист бул калп экенин баса белгиледи.

Яшин Орусия Украинага согуш ачкандан кийин өлкөдө кала берген жана кол салууну ачык айыптаган сейрек оппозиционерлердин бири.

Буга чейин саясатчыны "орус армиясына шек келтирүү" үчүн айып пулга жыгышкан. Бардыгы болуп ага бул өңдүү төрт административдик иш козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG