Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:33

Орусиянын ракетасы Кременчугда эл кымгуут түшкөн соода борборуна тийгени кабарланды


Өрт өчүрүүчүлөр ракета тийген соода борборунун жанында. Кременчуг, 27-июнь 2022-жыл
Өрт өчүрүүчүлөр ракета тийген соода борборунун жанында. Кременчуг, 27-июнь 2022-жыл

Орусия күчтөрү аткан ракета Украинанын Полтава облусундагы Кременчуг шаарындагы соода борборуна тийгени кабарланды. Канча киши жабыркаганы азырынча белгисиз. Мэр Виталий Малецкийдин айтымында, ракета эл кымгуут болгон жайга тийген, набыт кеткендер жана жараат алгандар бар.

Президент Владимир Зеленский Телеграм-каналына жайгаштырган видеодо өрт чалган борборду, асманды кара түтүн чулгаганын көрсө болот. Видео ошол жерденби же жокпу, азырынча бышыктоо мүмкүн эмес.

Президент сокку “бир миңден көп киши топтолгон соода борборго урулганын”, канча киши каза тапканын “элестетүү да кыйын” деп билдирди.

“Ал жай орус армиясына коркунуч жараткан эмес, эч кандай стратегиялык мааниси жок. Катардагы адамдардын нормалдуу жашоо аракети орустардын кыжырын келтирип жатат”, - деп жазды украин мамлекет башчысы.

Көптөгөн далилдерге карабай, Москва жарандык объектилерди бутага албаганын айтып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG