Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

ККМ боюнча жумушчу топ 8 млн. сомдук чекти жогорулатууну сунуштады


Жумушчу топтун алгачкы олтуруму. Архив.
Жумушчу топтун алгачкы олтуруму. Архив.

Көзөмөл-кассалык аппаратын (ККМ) орнотууда салыктарды эсептөө үчүн коюлган сегиз миллион сомдук чекти жогорулатуу сунушталды. Мындай сунушту ККМ боюнча түзүлгөн жумушчу топ Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго бергенин экономика жана комерция министри Данияр Амангелдиев 27-июнда “Биринчи радиого” курган маегинде билдирди.

Ага ылайык, берилген сунушка чекти 12 миллион сомго чейин көтөрүү жана тамак-аш соодасындагы бирдиктүү салыктарды жеңилдетүү кирген.

Министрдин айтымында, жумушчу топ он күн аралыгында ККМ орнотууга байланышкан маселелерди карап чыгып, ишкерлер үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү боюнча сунушту Акылбек Жапаров колдоо ниетин билдирген.

13-июнда соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акцияга чыккан. Дүкөн иштеткендер ККМ жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калышын талап кылып, ККМ колдонбогондорго айып салынып жатканын даттанышкан.

Соодагерлер менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолугушуп, нараазылыкка чыккандардын өкүлдөрүнөн жана тиешелүү өкмөттүк органдардан атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул аппараты колдонуу убактылуу токтотулуп турарын, митингге чыккандардын өкүлдөрү менен маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айткан. ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын белгилеген.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.

Акылбек Жапаров 11-июнда Бишкектеги “Дордой Фуд” азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугуп ККМ көмүскө экономиканы жана аткезчиликти азайтууга жардам бере турганын айтты. Ал эсеп-фактура мыйзамсыз соода-сатык менен алектенгендерди аныктоого жардам берерин түшүндүргөн. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG